Казакстанда коронавирус менен жабыркаган үчүнчү факты катталды. Ал Италиядан келген

Казакстандын саламаттыкты сактоо министри Елжан Биртанов өлкөдө коронавирус менен жабыркаган үчүнчү факты катталганын билдирди.

"12-мартта Италиянын Милан шаарынан Нур-Султанга келген аял коронавируска тест тапшырып, вирустун бар экендиги аныкталды. Ал Москвадан учак менен келген. Учакта 37 Казак жараны, 42 Орус жараны жана башка мамлекеттердин 11 жараны болгон.

Вирус аныкталган жаран Италиядан келгендиктен дароо эле карантинге алынды", - дейт министр.

Бүгүн, 13-мартта Казакстанда эки жаран коронавирус менен жабыркап жатканы маалымдалды. Буга чейин коңшу өлкөдө аталган инфекция каттала элек болчу.

Кечээ, 12-мартта Казакстанда бир катар коомдук жайлар убактылуу жабылып, 15-марттан тарта колледждер жана жогорку окуу жайлар онлайн окууга өтөрү маалымдалган.

Буга чейин Казакстандын башкы санитардык дарыгери Жандарбек Бекшин коронавирус 11-16-март аралыгында Казакстанда катталышы мүмкүн деп билдирген эле. Бул билдирүүдөн кийин Елжан Биртанов "Башкы санитардык дарыгердин айтканы статистикалык моделдөө аркылуу жасалган божомол гана" деп жооткоткон комментарий берген болчу.

Казакстандын 2 жараны коронавирус менен жабыркаганы аныкталды
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Belek1710
2020-03-13 21:11:20
Бекшиндин божомолу туура болуп атабы ошондо.
0
Aikaaaa
2020-03-13 21:52:51
Демек айткандай элин даярдап атса керек да, паника кылышпасын деп
0
rafo80
2020-03-14 01:54:02
Самолетто кошо келгендерге да жукту да ал
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан