Кыргыз-Казак чек арасындагы жүк ташуулар жанданды

Кыргыз-Казак мамлекеттик чек аралары аркылуу кыргыз жүк ташуучуларын жүгү менен өткөрүү жандандырылды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

25-мартка карата "Ак-Тилек автожол" көзөмөл-өткөрмө жайы аркылуу 97, "Чоң-Капка автожол" аркылуу 26 унаа Кыргыз өлкөсүнүн аймагына кирди. Ошол эле учурда аталган көзөмөл-өткөрмө жайлары аркылуу 192 жүк ташуучу унаа Казакстанга өттү. Жүк ташуучу унааларын өткөрүү тоскоолдуксуз жүргүзүлүүдө.

Жүктөрдүн арасында жабдуулар, азык-түлүк, калк керектөөчү товарлар, курулуш материалдары, тиричиликке колдонулуучу химиялык заттар, унаа тетиктери, косметика жана башка каражаттар бар экендигин маалымдашты мекеменин басма сөз кызматынан.

Кыргыз өлкөсү менен Казакстан коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү чараларына байланыштуу үчүнчү өлкөлөргө продуктуларды ташууга убактылуу тыюу салган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан