2019-жылдын 7-8-августундагы Кой-Таш окуясы боюнча иш Биринчи Май райондук сотуна келип түштү. Маалыматты аталган соттун басма сөз кызматынан билдиришти.
Анда кылмыш-процессуалдык кодексине ылайык, 14 адамга анын ичинде мурдагы өлкө башчы Алмазбек Атамбаевге айып тагылганы айтылат.
"Бүгүн, 26-февралда Кой-Таш окуясы боюнча 14 адамдын иши бизге келип түштү. Эми сот аны үч күндүн ичинде кабыл алат", - деп билдиришти маалымат кызматынан.
Буга чейин, 25-февралда Башкы прокуратура Кой-Таш окуясы боюнча кылмыш ишинен өтүп жаткандарга айып актыларын тапшырганын жана башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов 491 беттен турган айыптоо корутундусун бекиткенин КСДП мүчөсү Кундуз Жолдубаева айтып чыккан.