Коронавирус Европа өлкөлөрүн каптады. 26-февралга караган түнү Францияда коронавирусту 3 француз жараны жуктуруп, жалпысынан 16 адам коронавирус менен жабыркап жатканы айтылды. Аталган өлкөнүн Саламаттыкты сактоо башкы башкармалыгынын жетекчиси вирусту жуктуруп алгандардын бири 26-февралга караган түнү каза болгонун билдирген.
Айтымында, 60 жаштагы француз жараны Париждеги Сальпетриер ооруканасында көз жумду. Анын абалы өтө оор болуп жаткан.
Айрым маалыматтарга караганда вирусту жуктуруп алгандардын бири жакында эле Италиядан келген.
Февраль айынын башында Францияда коронавирустан каза болгон биринчи факт катталып, 80 жаштагы Кытай жараны көз жумган.