Ошто сутка ичинде 4 адам эреже бузган

Ошто коменданттык саат учурунда көчөдө жүргөн 4 жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 6-апрелде Ош шаарында калаадагы акыркы абал боюнча онлайн маалымат жыйын учурунда айтылды.

Маалыматка ылайык, коменданттык саатты бузгандар күндөн-күнгө азайып жатат. Жалпы облус боюнча 4 жаран кармалды. Алар райондук ички иштер башкармалыгына жана комендатурага алып келинип, протоколдор түзүлгөн.

“Өткөн суткада коменданттык саат убагында 20:00дөн 07:00гө чейин тартип бузган 4 жаран кармалып, протоколдор түзүлүп, эскертүүлөр берилди. Учурда коомдук саясий абал туруктуу, комендатуранын көзөмөлүндө”, - деп билдирди Ош шаарынын комендатурасы.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
nazarnew
2020-04-06 13:07:19
Түнү түнкү көпөлөктөр менен козелдор гана болбосо эч ким көчөдө жок, значит ошолор экен да айтылып өткөн төрт штук вирус.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан