Акыркы суткада Талас жана Нарында ооругандар катталган жок. 101 бейтап коронавирус инфекциясынан айыгып чыкты (статистика)

Бүгүн, 11-январга карата өлкө боюнча COVID-19 жана пневмония илдети 107 жарандан аныкталды. Республикалык штабдын маалыматына ылайык, акыркы суткада Талас жана Нарын дубандарында ооругандар катталган жок.

Бишкек шаары – 82;
Чүй облусу – 8;
Ош облусу - 2;
Ысык-Көл облусу – 10;
Жалал-Абад облусу – 1;
Баткен облусу - 4.

Муну менен аталган илдеттен жабыркагандардын жалпы саны 82 миң 380 болду.

Ал эми соңку сутка ичинде 101 бейтап илдетти жеңип, үйлөрүнө чыгарылды.

Бишкек шаары – 57;
Чүй облусу – 16;
Ош облусу – 1;
Нарын облусу – 2;
Ысык-Көл облусу – 12;
Жалал-Абад облусу – 9;
Баткен облусу – 4.

Республика боюнча коронавирус инфекциясынан жабыркагандардын ичинен жалпы 78 миң 3 бейтап айыкты.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан