Вирустун очогунда иштеген медицина кызматкерлерине март айына кошумча айлык төлөнүп баштады

8-апрелден тартып вирустун очогунда иштеп жаткан медицина кызматкерлерине март айына компенсациялык айлык төлөнүп баштады. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Бүгүн, 8-апрель күнү коронавируска каршы күрөшүп жаткан Чүй жана Ош облусунун 141 медицина кызматкерине айлыгынан тышкары 1 миллион 400 миң сом кошумча айлык которулду. 2-3 күндүн аралыгында өлкөнүн бардык аймагында иштеген кызматкерлерге март айына кошумча айлык которулуп бүтөт. Бул каражаттар Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдында ачылган депозиттик эсептен бөлүнүүдө. Медицина кызматкерлерине кошумча айлык төлөө үчүн атайын комиссия тарабынан 38 миллион 500 миң сом бөлүнгөн.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин саясий каржы башкармалыгынын жетекчиси Мирлан Атакуловдун айтымында, кошумча айлыкты очокто иштеген санитардык-эпидемиологиялык станциянын кызматкерлери, стационардык жана биринчи жардам көрсөткөн кызматкерлер алышат. Каражат эки категорияга бөлүнүп берилет, карантиндик-казармалык абалда иштегендер жана график боюнча келип, үйүнө барып келип иштегендер. Дарыгерлер - 46 миң сом, орто медициналык кызматкерлер - 41 миң сом жана кичи кызматкерлер - 38 миң сомго чейин алышат. Ал эми график боюнча иштеген кызматкерлер 29 миң сомго чейин компенсациялык айлыкты алышат", - деп жазылат маалыматта.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
nazarnew
2020-04-08 22:46:12
Үйдө жаткандан көрө медик болуп иштесем окшойт, разнорабочий медик.
-1
Nuri1988Elim2010
2020-04-09 08:31:01
Кичи кызматкерлер санитаркаларда аа? Туура болуптур аларгада бериш керек
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан