Венгрияда карантинге карабай, окуучулар экзамендерин мектепте тапшырышат (видео)

Венгрияда окуучулар экзамендерин мектепке келип тапшырмай болушту. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышат.

Анда пандемия шартына карабастан, окуучулардан дистанциялык эмес, адаттагыдай шартта экзамен алуу чечими кабыл алынганы айтылат.

"Ошентип бир нече апталык изоляциядан кийин окуучулар мектепке келишти. Ал жакта коопсуздук жана санитардык эрежелер сакталышы үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Мектепке кирерден мурда окуучулардын дене табы ченелип, дезинфекциялык каражаттар жана кол каптар берилет. Ошондой эле 2 метр аралыкты сактоо талабы коюлган. Экзаменди тапшыруу үчүн коюлган отургучтарга ар биринин аты жазылган. Мектеп директору пандемия шартындагы экзамендерге даярдануу үчүн абдан чоң иш жасалганын белгилеген. Ал эми окуучулар дистанциялык окутууда материалдарды өздөштүрүү кыйын болгонун, мындан улам экзамендерге жакшы даярдана албай калышканын айтышкан. Келерки аптада Венгрия боюнча 80 миң окуучу оозеки экзамен тапшырышы күтүлүүдө. Алардын билимин 12 миң мугалим сынактан өткөрөт", - деп жазылат маалыматта.

Венгрияда карантинге карабай окуучулар экзамендерин мектепте тапшырышат
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан