Өлкөдө бир суткада 6 миңге чукул адам COVID-19'га каршы эмдөө алды

Өткөн суткада өлкө аймагында 5 миң 438 адам коронавируска каршы эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.
Министрликтин берген маалыматына ылайык, эмдөөдөн өткөн 5 миң 438 адамдын ичинен 2 миң 749у вакцинанын II дозасы менен эмделди.
Республика боюнча жалпы 77 миң 438 адам эмдөөдөн өтсө, алардын ичинен 27 миң 602 вакцинанын II дозасын дагы алышты.
  • Бишкек шаары — 19 миң 990;
  • Ош шаары — 5 миң 810;
  • Чүй облусу — 12 миң 329;
  • Ош облусу — 11 миң 76;
  • Талас облусу — 7 миң 633;
  • Ысык-Көл облусу — 7 миң 618;
  • Нарын облусу — 3 миң 246;
  • Жалал-Абад облусу — 10 миң 106;
  • Баткен облусу — 3 миң 270.
Белгилей кетсек, өлкөдө эмдөө кампаниясы 29-мартта башталган. Учурда эмдөөгө Sinopharm жана Спутник V вакциналары колдонулуп жатат.
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан