Коронавирусту алдын алуу үчүн Кыргыз өлкөсүндө намазга массалык түрдө топтолуу чектелерин бүгүн, 28-февралда саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев билдирген.
Бул боюнча Мусулмандар дин башкармалыгына кайрылганыбызда, жума намазга келбегиле деп эч кимге тыюу сала албай турганын билдиришет.
"Жума намазга келүүгө тыюу салуу бул туура эмес жана таптакыр мүмкүн болбой турган нерсе. Бул күнү мечиттерге барбагыла дегенге шарият жол бербейт. Жума күн - бул мусулмандардын күткөн күнү. Ал күнү жумага келбегиле деп эч кимге тыюу сала албайбыз. Жума намаз үйдө эмес, мечиттерде жамаат менен окулуучу намаз.
Коронавирусту алдын алууга ислам дини каршы эмес. Жакшылыкты Алла Тааладан тилеп, ар бир инсан өзүнө сак болсо, өзүбүзгө жана мамлекетибизге жакшы. Бирок бир гана жума намаз учурунда коронавирус жугат деп, тыюу салуу туура эмес түшүнүк", - деп билдирет мекеменин басма сөз катчысы.