Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы башкы консулдугу жергиликтүү маалымат каражаттарынын бирине жарыяланган кабар чындыкка дал келбей турганын билдирди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
"Басылмалардын бирине "Новосибирск шаарында 1977-жылы туулган С.А. аттуу Кыргыз жараны каза болду, ал аба каттамынын токтотулганынан улам көз жумган" деген маалымат жарыяланган. Бул маалымат чындыкка дал келбейт. Каза болгон жаран Новосибирск облусунда убактылуу жашап, медициналык жайлардын биринде дарыланып жаткан. Ал залалдуу шишик дартынан улам көз жумду. Аталган облустагы Кыргыз өлкөсүнүн диаспорасынын катышуусу менен маркумдун сөөгү 6-апрелде мусулмандардын көрүстөнүнө коюлган.
Башкы консулдук туура жана расмий маалымат берүүгө чакырат", - деп айтылат маалыматта.