Вице-премьер Акрам Мадумаров Жалал-Абад жана Ош облустарындагы чек ара тилкелерине барды

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Акрам Мадумаров Жалал-Абад жана Ош облустарындагы бир катар чек ара аймактарына барды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

"Вице-премьер-министр Ала-Бука районунун Көк-Таш, Көк-Серек, Ак-Коргон айыл аймактарындагы, Аксы районунун Кашка-Суу айыл аймагында жана Кербен шаарындагы чек ара тилкелерин кыдырды. Акрам Мадумаров ошондой эле Мамлекеттик чек ара кызматынын чек ара бекеттерине барып, Ала-Бука районундагы Баймак көзөмөл-өткөрмө жайынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Сапардын жүрүшүндө вице-премьер-министр тиешелүү кызматтарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына чек арачылар үчүн социалдык жашоо-шарттарын жакшыртуу, чек арага жакын жайгашкан айылдарды өнүктүрүү жана социалдык-экономикалык маселелерин чечүү боюнча тапшырмаларды берди", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Shef87
2020-02-29 14:06:29
Не галустугу жок жүрөт бул
+2
futboler
2020-02-29 15:00:08
Военныйларга сөгүш берилбесе эле болду галстугу жок деп, кудай сакта, кудай сакта...
0
Chungyz
2020-02-29 17:21:26
иштегиле ар жерди кыдырып журо бербей
0
kairhai
2020-02-29 19:43:02
Кыдырбай чек ара маселесин тез арада чечкиле! Кыдырып жүргөндө пайда жок. Мурдагы чоңдор деле кыдырып жүрүп кызматтан кетип калышкан!
0
Store
2020-02-29 19:49:02
Кыйратпайтко булдагы, тапшырма бербей, өзү аралашса анан иш бүтөт же болот.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан