1-марттан тарта Кыргыз мамлекеттик чек арасынан ID-карта менен өтүүгө убактылуу тыюу салынат деген маалымат тарагандан тарта "Элдик кабар" бөлүмүнө көп окурман кайрылды. Окурмандардын кайрылуусуна өкмөттүн басма сөз кызматынан төмөнкүдөй маалымат беришти.
"Коронавирус жайылып жатканына байланыштуу Кыргыз өлкөсүнө ID-карта менен өтүүгө убактылуу чектөө киргизилген. Анткени буга чейин мамлекеттик чек арадан эпидемиологиялык кырдаал начар болгон өлкөлөрдөн Москвага келгенин жашырып, ID-карта менен өтүүгө аракет жасаган Кыргыз жарандары аныкталган. Азыр эпидемиялык кооптуу абал жүрүп жатканына байланыштуу, коронавирустун жайылуусун алдын алып, ушундай убактылуу чектөө киргизилди. 1-марттан тартып бул мыйзам ишке кирет. Эгер Казакстанда же Орусияда жашаган мекендештерибиз Кыргыз өлкөсүнө ID-картасы менен келишсе, алар аталган өлкөдө жашап же иштегенин, башка өлкөгө чыкпаганын тастыктай алса, кошумча текшерүүдөн өткөрүлгөн соң өлкөгө кире берет. Колунда ID-картасы гана бар жарандарга базадан тыкыр текшерүү жүргүзүлөт. Буга чейин 2 мүнөттө текшерүү болсо, бул ирет текшерүү салыштырмалуу көп убакытты талап кылат", - деген маалымат берди басма сөз кызматчысы.