Акыркы бир сутка ичинде 4 адам коронавирус илдетинен каза болду. Бул тууралуу республикалык штабдан кабарлашты.
Республикалык штабдын маалыматына ылайык, каза болгон жарандардын бардыгы COVID-19га каршы эмдөө алган эмес.
Бул көрсөткүч менен өлкөдө пандемия башталгандан бери 2 миң 647 адам коронавирустан каза болду.