Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынын мурдагы кеңешчиси Елена Баялинова Улуттук госпиталдагы кызматкерлердин кесиптик майрмамына арналган иш-чарасындагы сүрөт жана видео менен бөлүштү. Видеодон кызматкерлердин маанайы суз экенин, залда саналуу гана ак халатчандар отурганын көрүүгө болот. Елена Баялинова кыска билдирүү да калтырган.
"Көзгө жаш алган майрам... Улуттук госпиталдын кызматкерлеринин жарымы коронавирус инфекциясы менен жабыркап жаткан бейтаптарды дарылоого тартылган. Ал эми калган кызматкерлерди кесиптик майрамы менен куттуктап келдик", - деген ал.
Улуттук госпиталда 51 бөлүм бар, 1 миң 760 адам эмгектенет. Бүгүнкү күндө коронавирус инфекциясынан улам аталган оорукананын бир катар бөлүмдөрү иштебейт.
Учурда госпиталда 12 чукул кабыл алуу бөлүмү иштеп, 200 кызматкер медициналык жардам көрсөтүшөт.