Өлкө башчы: "Коронавирус боюнча кырдаал турукташты деп баа берүү азырынча эрте"

"Бүгүнкү кырдаалды адистер абал турукташа баштады, ооруканаларга, стационарларга кайрылгандардын саны азаюуда деп маалымат берип жатышат. Бул албетте, жакшы жышаан. Бирок мындай шашылыш баа берүүгө дагы эрте", - деп бүгүн, 1-августта президент Сооронбай Жээнбеков Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын «Биринчи радиосуна» берген кезектеги маегинде.

Мамлекет башчысы дүйнөдө коронавирус инфекциясына байланыштуу абал да бир кылка калыпка келе электигин белгиледи.

"Өзүңүздөр көрүп жатасыздар, окуп-көрүп жатасыздар. Пандемия токтоп калды, азайды деп карантинди алган өлкөлөрдө дагы, өнүккөн өлкөлөрдө дагы бул илдет кайрадан башталып атат. Ошондуктан бекем тартипти унутпайлы. Негизги көңүл дары-дармек менен камсыздоо, ооруканаларыбызды кышка даярдоо, жаңы ооруканаларды куруу, эскилерин жаңы талапка ылайык өзгөртүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Азыр мына ушул иштерди катуу көзөмөлгө алдык, өкмөт бул багытта иштеп жатат", - деп белгиледи мамлекет башчысы.

Президент кырдаалды мамлекеттик органдар менен өкмөт гана оңдой албастыгын баса белгиледи. "Ар бирибиз жарандык жоопкерчиликти катуу кармасак, бул илдетти буюрса жеңебиз", - деп кошумчалады Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчысы коронавирус инфекциясынан кайтыш болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына дагы бир ирет терең кайгыруу менен көңүл айтты.

"30-июнь Улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланып, бул илдеттен каза болгон мекендештерибизди эскердик, аларга арнап куран окудук. Бул илдет ар бир Кыргыз жаранынын тынч жашоосуна бүлүк салды. Көптөгөн мекендештерибиз аза кайгысын тартышты. Мен дагы чогуу иштеген, жакшы тааныган замандаштарымды, жакындарымды жоготтум. Баарыбыздын тагдырыбыз бир болуп турат. Эми ушул кыйын күндөрдөн да чогуу, биримдикте Кудайдын колдоосу менен буюрса чыгабыз", - деп белгиледи президент Сооронбай Жээнбеков.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан