Республикалык штаб мекендештерди эл көп жыйналган жерден оолак болууга чакырат

Коронавирус инфекциясынын өлкөгө киришин алдын алуу жана жайылышына жол бербөө боюнча республикалык штабдын кезектеги жыйыны өттү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

"Тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу боюнча бардык чаралар толук көлөмдө көрүлүүдө. Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасында коронавирус менен ооругандар жок. Республикалык штаб өлкөнүн аймагына кирүүгө убактылуу киргизилген чектөөлөр акыркы 20 күн ичинде эпидемиологиялык абал жакшы эмес, тобокелдик жогору өлкөлөрдө болуп келген бардык чет өлкөлүк жарандарга тийиштүү экендигин түшүндүрөт. Өлкөлөрдүн тизмеси кырдаалдын өнүгүшүнө жараша жаңыланат. Муну менен бирге бул мажбур чечимге түшүнүү менен мамиле кылган Кытай, Япония, Корея, Иран жана Италияга ыраазычылык билдирилет.

Акыркы 20 күндө тобокелдик жогору өлкөлөрдө болуп келген Кыргыз жарандары кайтып келгенде 14 күндүк карантинге алынат. Республикалык штаб өлкө жарандарын жоопкерчиликти эске алып, коомду тынчсызданууга жана дүрбөлөңгө алып келе турган, чындыкка дал келбеген маалыматтарды жайылтпоого чакырат. Республикалык штабдын мүчөлөрү мекендештерге эл көп жыйналган жерлерден оолак болууну жана өздүк гигиена эрежелерин сактоону сунуштайт.

Эскерте кетсек, Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коронавирус эпидемиясынын коркунуч деңгээлин "эң жогоркуга" чейин көтөргөн. Бул Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун градациясында эң жогорку деңгээл. Ошол эле учурда БДССУ вирустун жайылтуу жолдорун жабуу аркылуу эпидемияны токтотууга болорун белгилейт", - деп жазылат маалыматта.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
aydinnur
2020-02-29 19:02:58
Иии,кичине кыймылдасанар ушинтип..Ыраазы боло туштум аз-маз болсо да..Болбосо наалыгандан башым чыкпай жатты эле))
0
JaneEr
2020-02-29 19:10:15
Эми эми кыймылдаганы билинди.Тушундуруу иштери коп коп болушу керек.
+3
Sakubek
2020-02-29 23:50:35
Короче митингге барбагыла дебейсинерби
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан