Дүйнөнү каптаган коронавирустан жабыркагандардын жана каза тапкандардын саны күн санап өсүүдө. Алсак, 21-апрелге карата дүйнө жүзү боюнча коронавирус жуктуруп алгандардын саны 2 жарым миллионго чукулдап калса, 171 миңден ашуун адам аталган илдеттен каза болду.
Акыркы күндөрү дүйнөлүк ЖМКларда COVID-19 инфекциясы Ухандагы лабораторияда жасалган оору деген маалымат тарап баштады. Мындай вариантты бир катар белгилүү саясатчылар жана саясий серепчилер менен эксперттер дагы колдошкон.
Мындан улам SUPER.KG порталы орусиялык эки белгилүү саясий серепчинин оюн сурады. Борбор Азия мамлекеттери боюнча эксперт, саясат таануучу Аркадий Дубновго төмөндөгүдөй суроо менен кайрылдык: "Коронавирус жасалма оору жана негизи эле пандемия бул саясат деген пикирге кандай карайсыз?".
"Мен COVID-19 вирусу атайын жасалган деген пикирге кошулбайм. Анын жасалма эмес экенине толук ишенем. Коронавирусту лабораторияда иштелип чыккан деген маалыматты колдоп жаткан саясат жана массалык маалымат каражаттары конспирологиялык (ред: бир нече адамдын же мамлекеттин өз ара жашыруун сөз бекитип, аракеттенүү теориясы) ой-жүгүртүүгө жетеленип жатышат деп ойлойм.
Адамзат тарыхында болуп өткөн жана болуп жаткан кырсык, алаамат жана эпидемиялар буга чейин деле кандайдыр бир көрүнбөгөн күчтүн айынан болуп жатат деген ишеним сакталып калган. Мисалга алсак, жүз жылдар мурун ар кандай кырсыктар менен кара тумоону жез кемпирлер таратып жатат деп ишенишкен. Андан кийин еврейлер христиан ымыркайларынын канын ичип жатат дешкен. Бүгүнкү күндө АКШ президенти Дональд Трамп коронавирус пандемиясына күнөөлүүлөрдү четтен издеп жатат. Анткени пандемиянын айынан ал кайра шайланган президент болуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырады. Дүйнөлүк кырсыктарда мындай пикирлердин келип чыгышы жаңылык эмес", - дейт саясий серепчи.

Ушул эле суроону дагы бир орусиялык саясий серепчи, саясий илимдердин доктору Игорь Панаринге узаттык.
Ал: "COVID-19 бул биологиялык курал. Тилекке каршы, анын атайын иштелип чыккан оору экендигинде менде шек жок. Ошондой эле анын тегерегиндеги маалымат толкуну да жасалма", - деп кыскача жооп берди.