Чехияда 3 жаран коронавирус менен жабыркаганы аныкталды. Чет элдик басылмалардын маалыматына ылайык, жабыркагандар жакында эле Италиядан келишкен.
Аталган өлкөнүн саламаттыкты сактоо министри билдиргендей, коронавирусту алып жүргөндөрдүн экөө эркек, бирөө аял. Алардын бири 1952-жылы туулган жаран Удине шаарында өткөн жыйынга катышкан. Анын италиялык кесиптешинен коронавирус аныкталгандыктан, Чехиянын жараны карантинге алынды. Ал эми 1976-жылы туулган жаран кышкы эс алуудан келип, текшерүүдөн өткөндө вирус аныкталган. Үчүнчү жабырлануучу америкалык студент. Ал Италиянын Милан шаарынан Прагага келген.
Жабырлануучулар коронавирустун жеңил түрү менен жабыркаганы айтылат. Учурда алар карантинге алынып, кошумча текшерүүлөр жүргүзүлөрү айтылат маалыматта.