Коронавирус пандемиясынан улам Колумбияда стадиондор бир жарым жылга чейин жабык болот

Колумбияда жайгашкан бардык стадиондор, концерттик жайлар жана барлар бир жарым жылга жабылат. Мындай чечимди президент Иван Дуке Маркес коронавирустун жайылышын алдын алуу максатында кабыл алганын чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, бул тууралуу президент Богота шаарында коронавируска каршы жыйын учурунда билдирген. Анын билдиришинче, 27-апрелде бүтө турчу карантин токтотулгандан кийин Колумбия коомдук жашоого кайтып келбей тургандыгын айткан.

Акыркы маалыматтар боюнча, бул өлкөдө 3 миң 233 адам коронавирус жуктуруп алган. 144 адам каза болсо, 550 бейтап айыгып чыккан.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан