АКШда бир сутка ичинде 67 миңден ашуун адам COVID-19 жуктурду

Акыркы суткада Америка Кошмо Штаттарында коронавирус инфекциясын аныктаган учурлардын саны 67 миңге көбөйүп, дээрлик 2 миң адам каза болду. Бул тууралуу Жон Хопкинс университетине шилтеме берүү менен чет элдик басылмалар жазды.

Маалыматка ылайык, университеттин маалыматы боюнча, акыркы 24 саат ичинде АКШда дарыгерлер вирустун 67 миң 164 жаңы учурун жана 1903 өлүмүн катташкан.

Буга чейин Кошмо Штаттарда COVID-19 инфекциясын жуктургандардын жалпы саны 28 827 140ка жетип, 520 356 бейтап каза болгон.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан