Нур-Султан шаарында 8-мартка арналган майрамдык иш-чара өткөрүлбөйт. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыгышты.
8-мартта Нур-Султан шаарында майрамга карата салтанаттуу отурум жана концерт уюштурулмак. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев майрамдык иш-чара коронавирустун дүйнө жүзүнө тарап жатканына байланыштуу коопсуздукту сактоо максатында болбой турганын өзүнүн Твиттер баракчасына жазган.
"Эл аралык айымдар күнүнө карата даярдалган иш-чараларды токтотуу чечимин кабыл алдым. Мындай чара коопсуздукту сактоо максатында колдонулуп жатат. Айымдарга бакыт, ден соолук жана аманчылык каалайм", - деген мамлекет башчы.
Буга кошумча Казакстанда коронавирус аныкталып калса план "Б" иштелип чыкканы айтылат. Казакстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги өзгөчө кырдаалга байланыштуу күчөтүү чараларынын 4-этабын киргизгени маалым болду.