Орусия COVID-19 вирусун дарылоо үчүн Авифавир препаратын экспорттой баштады

Орусиянын түз инвестициялоо фонду жана "ХимРар" компаниясы коронавирустук инфекцияны дарылоого колдонуучу Авифавир препаратын экспорттоону баштады. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазышууда.

Аталган препаратты Беларусь өлкөсүнө экспорттоо ишин башташкан. Жакын арада Казакстанга жиберүү күтүлүүдө. Ошондой эле бул каражатка 50дөн ашуун мамлекет, анын ичинде КМШ жана жакынкы Чыгыш өлкөлөрү да кызыкдар экендиги маалымдалган. Учурда Авифавир препаратын Латын Америка өлкөлөрүнө экспорттоо тууралуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Орусия дүйнө элине коронавируска каршы күрөшүүдө жардам берүүгө даяр. Бул максатта Авифавир каражатын дүйнөлүк базарда жеткиликтүү баада экспорттойт. Бул препарат COVID-19 вирусунун баштапкы формасын дарылоодо колдонулмакчы. "ХимРар" компаниясы түз инвестициялоо фонду менен биргеликте июнь айында Авифавир препартын Орусиянын 35 аймагына жеткиликтүү кылган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
tynar92kg
2020-07-03 12:04:18
Орустар кыйын экенсинер... Сөз жок...
+10
XATSAN125
2020-07-03 12:46:50
Кыргыздар300 сомдон алып 2300 дон сатышат буйурса
+11
aza84
2020-07-03 12:47:21
Бизге дагы эртерек келсе экен
+5
Dushabolna
2020-07-03 13:11:24
Буга да элден акча чогултушаар бекен
+1
XATSAN125
2020-07-03 13:25:34
Гребанный касапчы энесине сөөк сатат болбой биздикилер алган баасына сатышсын да эми элди кыйнабай кичине ынсабын ойготуп и так элди алдап торт тарабын кысып капаска камап салды
+1
talaa11
2020-07-03 13:26:56
Орустар негизи ото кыйын калк болот. СССРДИ деле Гитлер эки кундо басып алам деп чабуулду баштаган окажется оздору женилди торт жыл согушуп, ошондо дагы Орустар Катьюшаны ойлоп таап ошол менен Фашисттердин талкалашкан бул чындык
+1
keku00
2020-07-03 19:10:43
talaa11,talaa jalaa
0
Saidochka
2020-07-03 16:20:24
Бизге качан келет экен ошондо? Жеткиликтуу болобу?
0
zuxrab777
2020-07-03 16:48:35
Оргиналы реклама болуп, бизге самаопалы келет как всегда и то баасын карасаң потолоко илип койушат шапкең жерге шыпырылып түшөт..
0
shankol88
2020-07-03 17:00:50
Сөз жок ушу коментарийди окуган кызыкда...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан