"Баланын туулгандыгы жөнүндө күбөлүктү алууда каттоодон кечиксе айып салынабы?". Жооп

Бүгүн, 22-майда Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Акын Мамбеталиев онлайн маалымат жыйын берди.

Жыйында жаңы төрөлгөн балага күбөлүк алуудан кечиксе айып салынбай турганы айтылды.

"Белгилүү болгондой баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүктү бир айдын ичинде алуу керек. Эгер каттоодон кечиксе айып салуу каралган. Бирок азыркы шартка байланыштуу айып пул алынды. Андыктан өзгөчө кырдаал бүткөндөн кийин деле келип каттоодон өткөрүп кетсеңиз болот.

Мындан тышкары биздин борборлорго мектептин бүтүрүүчүлөрү көп кайрылып жатат. Анткени алар окуу жайларга өтүү үчүн паспорт алуусу керек. Мындай окуучулардын саны 4 миңден ашуун экен. Бүгүнкү күндө алардын ичинен 3 миң 705 балага документ берилди", - дейт Акын Мамбеталиев.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан