Мэрия 2020-жылы дагы башка көчөлөрдөгү, тагыраагы 7-аперель көчөсү менен Лев Толстой көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан; Чүй кең көчөсү менен Фучик көчөлөрүнүн кесилишиндеги; Тоголок Молдо-Москва көчөлөрүндөгү жана Чыңгыз Айтматов - Горький көчөлөрүнүн кесилишиндеги жер алдындагы өтмөктөргө, ошондой эле Чыгыш жана Батыш автобекеттеринин жанындагы жер алдындагы өтмөктөргө жарык орнотууну пландоодо.
Мэрия шаардыктарды жаңы орнотулган шам чырактарды сындырып, талкалабай аяр мамиле жасоону суранат! Жер алдындагы өтмөктөргө жарыктар боюнча авариялык-диспетчердик кызматтын номери: 0312 46-30-89; 57-63-51 мындан тышкары WhatsApp номери аркылуу билдирме жөнөтсө болот: 0777 902-115.