Жалал-Абад шаарында базар, коомдук транспортторго рейд жүргүзүлүп, тартип бузгандарга айып пул салынды

Бүгүн, 26-май күнү Жалал-Абад шаарында 25-майдан тарта уруксат берилген коомдук транспортторго, кийим-кече сатуучу базарларга жана тамактануучу жайларга рейд жүргүзүлүп, тартип бузгандарга айып пул салынды. Бул тууралуу Жалал-Абад шаарынын мэриясынан билдирүү таратышты.

"Рейддин жүрүшүндө маршруттук каттамдардын айдоочуларына тазалыкка көңүл буруу менен бирге медициналык бет кап кийген гана жүргүнчүлөрдү ташууга болору эскертилди. Андан кийин кийим-кече саткан дүкөн жана базарлар текшерүүгө алынып, соода жайларындагы кардарлар арасындагы аралыктын сакталышы, сатуучулардын бет кап, кол кап жана антисептикалык каражаттар менен иш алып барып жаткандыгына көңүл бурулду. Коюлган талаптарга карабай көпчүлүк сатуучулар тарабынан эрежелер толук кандуу сакталбай жаткандыгы белгилүү болду. Рейддин алкагында соода жайларындагы кетирилген кемчиликтер айтылып, эрежени сактабаган бир нече ишкерлерге, коомдук транспорттордун ээлерине айып пул салынды. Аны менен бирге бир дүкөн жабылып, көпчүлүк соода жайларынын ээлерине эскертүү берилди", - деп жазылат маалыматта.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан