Вакцина алгандан кийин каза болгондор болуп жатабы? Саламаттыкты сактоо министринин жообу

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев "Биринчи радиого" өлкөдөгү саламаттыкты сактоо тармагындагы абал боюнча маек берди. Анда жарандар кызыккан суроолорун берүүгө дагы жетишти.

"Коронавируска каршы вакцина алгандан кийин адамдар каза болуп калып жатат деген сөздөр айтылып жатат. Же министрлик мындай маалыматтарды жашырып жатабы? Мунун канчалык чындыгы бар?" деген суроо жаран тарабынан министр мырзага узатылды.

"Министр катары айтарым, бир дагы адам коронавируска каршы вакцина алгандан кийин каза болгон жок. Буга чейин эмдөө алгандан кийин каза болуп калганы айтылып жаткан Назгүл Исакованын өлүмү тууралуу айтып өтөйүн. Ага медициналык-экспертиза жүргүзүлдү. Ал вакцина алганга чейин эле коронавирус менен ооруп, өпкөсү пневмония болуп, кыйналып жүргөн экен. Өпкөсү сууга толуп дем ала албай калган. Анын баарын жакындарына көрсөттүк. Ал вакцина алып жатканда эле ооруп жаткандыктан каза болуп калды.

Эмдөө кампаниясы башталган учурда каза болгон жана башка учурлар болсо министр катары жооп берем дегем. Ошондуктан эч коркпой эле вакцина алуу керек", - деп жооп берди Бейшеналиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Katrina.
2021-10-04 16:33:02
Текшерип анан вакцина сайбайсынарбы тооба,ооруп жаткан адамга вакцина сайса боло берет деп окутканбы же врачтарды?
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан