Депутат Бокоев: "Эл Жогорку Кеңеш эмне үчүн иштебейт деп сындап жатышат"

Бүгүн, 30-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Кенжебек Бокоев жыйынга премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевди чакырууну сунуштады.

"Карантин киргизилгенден бери жалпы маалыматты өкмөттү чакырып уксак. Тыштан келген карыздар тууралуу айтылып жатат. Ал каражаттар кандай максатта таратылып жатат? Ичип, жеп коюшкан жокпу, бир бейтапка 3 миң доллар кеткен жокпу? Азык-түлүк коопсуздугу боюнча мыйзамдын аткарылышы тууралуу маалыматты угуу керек. Буудайдын, ундун баасы кымбаттады. Себептерин премьер-министр келип айтсын.

Ошону менен катар эле эл "Жогорку Кеңеш эмне үчүн иштебейт?" деп сындап жатышат. Комитеттер, фракциялар иштеш керек эле", - деди Бокоев.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан