Садыр Жапаровду колдоп митингге чыккандарды милиция кызматкерлери кармай баштады

Бүгүн, 2-мартта "Ала-Тоо" аянтында өткөн абактагы саясатчы Садыр Жапаровду колдогон митингдин катышуучуларын күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери күчтөп таратып жатат.

Айрым катышуучуларды милиция кызматкерлери кармап кетип жатышканын аянтта жүргөн кабарчыбыз билдирди.

Саат 18:20га карата күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери Ак Үйдү курчоого алган. Андан ары суу аткыч машиналар, көздөн жаш агызуучу каражаттар колдонулуп, бийлик митингдин катышуучуларын аянттан сүрүп чыгарып, кууп таратты.


Митингдин айрым катышуучуларын милиция кармап кетүүдө
"Ала-Тоо" аянтында милиция кызматкерлери митингдин катышуучуларын кармап жатышат
Митингдин соңу: таш ыргытылып, көз ачыштырган каражаттар жардырылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Store
2020-03-02 19:10:18
Тынч эле өткөрүп кетип калышпайбы, колдорунан коко тикенек келбей эле тополоң кылышат.
-8
Mamytovv_n
2020-03-02 19:19:12
Бийликтегилер туура эмес жасаган ишинер кундон кунго кобойуп жатат Эл бир которулсо кармай да албай каласынар
+8
talant87
2020-03-02 19:22:33
С.Жапаровду чыгарып биргеликте иштеш керек. онугуу учун артан айткан создорду туура кабыл алыш керек же тегиз жаштарга бериш керек иштеп коргуло деп
+9
nurda00
2020-03-03 06:37:19
Чекеден камабайт бекен чыккандарды 5 сом тыйын учун олконун тынчтыгын бузгандар. уй булонорду баккыла кыйратып койгонсуп митинге чуркабай, аялынар балдарынар ушкурунуп отургандыр отун жардыра албай канча кундон бери какшанып
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан