Мэрия: "Митинг өткөн "Ала-Тоо" аянтынан 1 тонна таштанды чыгарылды"

Бишкек шаарындагы “Ала-Тоо” аянтын “Тазалык” ишканасынын кызматкерлери тазалап бүтүштү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тазалоо иштерине 2 даана атайын техниканын жардамы менен 6 куб, башкача айтканда, 1 тонна таштанды 23 кызматкер тарабынан чыгарылды. "Шаардыктардын айтымында, митингге чыккан жарандар таштанды челектерин өрттөп кетишкен. Дал ушул маалда “Тазалыктын” кызматкерлери митингчилердин арты менен жүрүп, таштандыларды тазалап, шаарга келтирилген чыгымдарды саноодо. ИИМдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы белгилеп кеткендей, Бишкектин борборунда жол кыймылы калыбына келтирилди", - деп жазылат маалыматта.

Бүгүн, 2-мартта саат 19:00гө карата "Ала-Тоо" аянтындагы абактагы саясатчы Садыр Жапаровду колдоп митингге келген катышуучуларына күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери суу аткыч машиналарды, көздөн жаш агызуучу каражаттарды колдонуп, аянттан сүрүп чыгаруу үчүн кууп таратты.

Митингдин соңу: таш ыргытылып, көз ачыштырган каражаттар жардырылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Aikaaaa
2020-03-02 23:49:04
Киши туулса да, өлсө да койдун шору дегендей, биз кубансак да, кайгырсак да, майрамдасак да, митинг кылсак да '' тазалыкта'' иштегендердин шору экен да, любой погодада
+1
aliya-leyla
2020-03-03 07:42:13
Aikaaaa,эн туура
0
Agayu
2020-03-03 01:14:20
Казахстанда митинг көп болтат билесиңер, бирок Полициялар алып кетиштат. Себеби алардын көчөсүндө таш көрбөйсүң тап таза .Биздикилерде Милицияны таш баранга алышат , бизде көчөдө таш көп .Бишкектин көркү начар , жетекчилер начар иштешет .Ага Бийлик күнөөлүго
+3
Patoshik1
2020-03-03 13:02:37
Чыкпаайт !!!
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан