Биз социалдык тармакта

Министрлик: "Митингден кийин 22 адам ооруканага кайрылып, бир бейтап дарылануусун улантууда"

Бишкектин "Ала-Тоо" аянтында орун алган митинг учурунда жабыркагандар болду. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, Бишкектеги медициналык жайларга жалпысынан 22 адам кайрылган.

"2-мартта борбор калаадагы медициналык жайларга 22 адам кайрылган. Алардын 19у күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери экени аныкталды. Кайрылгандардын 21и биринчи медициналык жардам алгандан кийин амбулатордук дарыланууга жөнөтүлдү.

1 милиция кызматкеринин баш мээси чайкалып, моюн омурткасы чоюлуп Улуттук госпиталга жеткирилген. Учурда анын абалы канааттандырарлык", - дейт министрликтин маалымат катчысы.

Ал эми Ички иштер министрлиги митинг учурунда 24 милиция кызматкери денесинен ар кандай жаракаттарды алганын бүгүн, 3-мартта кабарлады.

Кечээ, 2-мартта саат 19:00гө карата "Ала-Тоо" аянтындагы абактагы саясатчы Садыр Жапаровду колдоп митингге келген катышуучуларына күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери суу аткыч машиналарды, көздөн жаш агызуучу каражаттарды колдонуп, аянттан сүрүп чыгаруу үчүн кууп тараткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
sinej
2020-03-03 10:47:34
Соке элди курал менен коркутуп, курал колдонуп, элдин оозун жаап салам деген таризде ишин улантып жатат. Бир куну эл бир толкуйт, ошондо Сокенер качат артын карабай. Негизи Соке болбогон эле адам экен.
-2
Omar.
2020-03-03 10:55:49
sinej, Ушунун баарын каша кылып кеткен АША
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан