Дүйнөнүн 60ка чукул мамлекетине жайылган коронавирус дүйнө жүзүн дүрбөтүп жаткан мезгили. Вирус тараган өлкөлөрдө дээрлик бардык жарандар бет кап менен жүргөнү маалымдалууда. Буга чейин SUPER.KG порталы Бишкек шаарындагы дарыканаларга барып, бет каптар боюнча сурамжылоо жүргүзгөн. Тилекке каршы, сурамжылоого катышкан дарыканаларда бет каптар жок болуп чыккан эле. Министрликтин тараткан маалыматы боюнча, азыркы учурда өлкөдө коронавирус каттала элек.
Бирок “сактыкта кордук жок” деп айтылат. Дарттын алдын алып, сактануу жана вирусту башкаларга таратпоо үчүн керек болгон бет каптардын дарыканаларда жок болуп чыкканы социалдык тармактарда кызуу талкууга алынды.
Анан да талкуу күч алып турганда интернет желелерине “үч катмарлуу бет каптар 14 сомдон сатылат. 1 миллион даанадан жогору алгандар байланышыңыздар, олуттуу эмес мамиле жасагандар чалып, тынчыбызды албагыла” деп жазып, алдына телефон номерин калтырган пост жарыяланды. Бул билдирүү Саламаттыкты сактоо министрлигине болгон кыжырданууну ого бетер күчөтүп, дагы да болсо талкууга жем таштады. Биз аталган номерге кардар катары байланышып, 3 миң даана бет кап ала турганыбызды айтканда, алар 1 миллиондон жогорку санда алышса гана сата ала турганын билдиришти.
Буга чейин саламаттыкты сактоо министри бет кап боюнча маселе бар экенин, ал өлкөдө чыгарылбагандыктан, чет мамлекеттерден алып келүү мүмкүн болбой жатканын айткан болчу.
Биринчиден өкмөт жеке адамдарга абалдан пайдаланууга, товарды 3-4 эсе кымбаттатууга жол берүүдө. Экинчиден Саламаттыкты сактоо министрлиги камсыздай албай жаткан бет капты жеке жарыячылар кайдан алып келишти деген суроолор жаралып, аталган мекемеге кайрылдык. Бирок министрлик мындай соодагерлерди тескей алышпай турганын айтышты.
Бул боюнча өкмөткө, Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы менен дагы байланыштык. Алар мыйзам боюнча каттоодон өтпөгөн ишкерлерди текшере алышпай турганын билдиришти. “Эгерде бизге кимдир бирөө текшерип бергиле деген арыз менен кайрылбаса, анда аларды текшерүүгө ала албайбыз”, - дешти аталган мекеменин өкүлү.
Дүйнөнү каптап жаткан коронавирустан калк кооптонуп турган учур. Ушундай абалда өкмөт жаралган бардык суроолорго эшигин кактырбай туруп өздөрү жооп берүүсү керек эле. Тилекке каршы, ар кайсы шылтоо менен мекемеден мекемеге оодара салуу адатка айланды.
Абалды пайдаланган спекулянттар дүңүнөн бет капты 15-20 сомдон сатып жатса, дарыканаларда чекене баада канча болот? Ойлоп көрүңүз. Үй-бүлөдө беш балалуулар аны сатып алууда канча эсе көп каражат төлөп калат. Эптеп бир ишкердин жеке максатынан коргоп, элдин камын көрүүгө өкмөткө эмне тоскоол болуп жатат деген көп суроо жаралат. Бул көрүнүш көп "суур ийин казбайт" дегенди аргасыз эске салат.