Бүгүн, 11-июлда “Ош” эл аралык аэропорту «Авиатраффик Компани» авиакомпаниясынын Москва-Ош багыты боюнча чартердик каттамын тосуп алды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, каттам дүйнөдөгү коронавирус инфекциясынын жайылышынан улам чек аралардын убактылуу жабылышы жана эл аралык жүргүнчү ташуу авиакаттамдардын токтошунан улам чет өлкөдөгү Кыргыз жарандарын кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштин алкагында, Кыргыз өлкөсүнүн президенти жана өкмөтүнүн тапшырмасын аткаруу үчүн Орусия менен Кыргыз өлкөсүнүн тышкы саясий ведомстволорунун жетишилген макулдашууларынын негизинде ишке ашырылган. Учакта орундуктардын саны чектелүү жана өлкөгө кайтууну каалаган жарандар көп болгондуктан, аталган каттамга жүргүнчүлөрдүн тизмеси кыргыз диаспорасынын өкүлдөрүнөн, Москвадагы кыргыз медициналык клиникалардын дарыгерлеринен жана Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигинин кызматкерлеринен турган атайын комиссия тарабынан түзүлгөн.
Жүргүнчүлөрдүн тизмесин түзүү гуманитардык критерийлер боюнча Кыргыз жарандарынын жеке арыздарынын негизинде жүргүзүлдү. Өзгөчө каттамга Орусиянын ЖОЖдорунда окуган студенттер, төрөтү жакындап калган кош бойлуулар жана жаш балдары бар аялдар, ошондой эле мекенине чукул түрдө кайтууга себеби бар жарандар, оор илдеттери барлар, жакында эле хирургиялык операция жасаткандар, жакындарынын кайтыш болушу жана башка оор турмуш кырдаалдарына кабылгандар киргизилген.