Бүгүн, 15-апрелге карата коронавирус боюнча өлкөдөгү абалды саламаттыкты сактоо министринин орун басары айтты. Ал сутка ичинде дагы 19 адам аныкталганын, муну менен коронавирус жуктургандардын саны 449га жеткенин билдирди.
Ал эми илдеттен айыккандар 78 болду.
"Стационарда 366 жаран жатат. Анын ичинде 11 бейтап оор абалда, алардын жетөөсү – жандандыруу бөлүмүндө. COVID-19 инфекциясына чалдыккан калган бейтаптардын абалы орточо оор же канааттандырарлык деп бааланууда.
Бүгүнкү күнгө карата 78 адам айыгып, үйүнө чыгарылды", - деди ал.