Бүгүн, 4-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Аида Касымалиева мугалимдердин пенсиясынын аздыгы боюнча маселе көтөрдү.
"Эл менен жолукканда бизге көбүнчө мугалимдер кайрылышат. "Эмне себептен биз 30-40 жыл иштегенден кийин пенсияга чыкканда 2000-3000 сом алабыз?" деп сурашат. Дагы бир жолу айтып коёсуздарбы пенсия чегерүү кандай форматта жүрөт?", - деп сурады депутат.
Социалдык фонддун төрагасынын орун басары Эсен Нурдинов азыркы мыйзам боюнча пенсияга канча камсыздандыруу төгүм төлөсө, ошончо чыга турганын айтты. "Мугалимдердин мурда айлыктары аз болгондуктан, пенсиясы аз чыгып жатат. Азыр айлыктары көтөрүлдү, эми жакшы пенсияга чыгат. Акырындык менен бул маселе жоюлуп жатат", - деди Нурдинов.
Касымалиева алдыда мугалимдердин пенсиясын жакшыртуу планы барбы деп сурады.
Социалдык фонддун төрагасынын орун басарынын айтымында, андай план жок.