Быйылкы жылы "Ак-Булуң" мамлекеттик жаратылыш коругунда сейрек кездешүүчү жапайы канаттуулардын, тагыраагы, ак куулардын санынын өсүшү байкалууда. Бул тууралуу жергиликтүү жашоочулар учуп келген ак куулардын сүрөттөрү менен бөлүшүп, кабардар кылып жатышат.
Маалыматтар боюнча аталган коруктун аймагында 100дөн ашык канаттуулардын түрү кездешет. Алардын арасында көпчүлүктү суктандырган ак куулар дагы бар.
Социалдык тармактарга аталган канаттуулар байырлаган "Ак-Булуң" коругунун асмандан тартылган, кооз видеосу жарыяланды. Анда кыргыз жеринин керемет кооздугу жана анда байырлаган керемет канаттуулар чагылдырылат.