Жаз айларындагы майрамдарга байланыштуу дем алыш күндөрүнө туура келген майрамдарга эс алуу күндөрү берилбейт. Бул тууралуу шаардык мэрия жарандардын кайрылууларынан кийин билдирүү тараткан.
"2019-жылдын 16-декабрындагы Кыргыз өкмөтүнүн "2020-жылдагы дем алыш күндөрүн жылдыруу жөнүндөгү" токтомуна ылайык, 9-март, 23-март жана 11-май күндөрү мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар штаттык ражимде иштешет. Себеби алар 3-6-январь жана 4-майга жылдырылган. Бул күндөрү мектептер жана бала бакчалар дагы кадимки режимде иштейт", - деп айтылат маалыматта.