Республикалык штаб: 5-мартка карата эпидемиологиялык абал туруктуу, коронавируска кабылгандар жок

Бүгүн, 5-мартта өкмөттө коронавирус инфекциясынын өлкө аймагына кирүүсүнө жана жайылышына жол бербөө боюнча республикалык штабдын кезектеги жыйыны өттү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Жыйында белгиленгендей, республикада 5-мартка карата эпидемиологиялык абал туруктуу, коронавируска кабылгандар жок.

"Өлкөнүн мамлекеттик чек арасындагы бардык өткөрмө-көзөмөл жайлары күчөтүлгөн режимде иштеп жатышат. Медициналык кызматкерлер, эпидемиологдор, санитардык дарыгерлер, тез жардам жана башка ыкчам кызматтардын кызматкерлери күнү-түнү нөөмөттө турушат. Мамлекеттик органдар туруктуу негизде мониторинг жүргүзүшүп, дүйнөдөгү кырдаалга байкоо салып, Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму менен байланышта болуп турушат.

Жыйындын жыйынтыгы боюнча тармактык мамлекеттик түзүмдөргө бир катар тапшырмалар берилди. Анын ичинде каттоо кызматына чет өлкөг чыгуу паспортторун берүү процедурасын тездетүү милдеттендирилди.

Штабдын мүчөлөрү жарандарга өздүк гигиенанын эрежелерин толук сактоону жана ата-энелер балдарына түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керектигин эскертүүдө.

Билим берүү жана илим министрлигине коронавирус жана оорунун алдын алуу боюнча өздүк гигиена эрежелери жөнүндө билим берүү мекемелеринде маалыматтык-түшүндүрүү иштерин улантуу тапшырмасы берилди", - деп жазылат маалыматта.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Jaznura
2020-03-05 19:42:34
Коронавируска каршы баарыбыз жапырт күрөшүүбүз зарыл. Бул жөнөкөй эпидемия эмес. Канчалаган өмүрдү алып жатат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан