Нарын облусуна көчмө лаборатория келди. Мындан ары анализдер Бишкекке ташылбайт

Бүгүн, 23-апрелде Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун коменданты Уланбек Аалиев жана Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаркын Ибраева онлайн маалымат жыйын беришти.

Жыйында Нарын облусунда ПЦР-анализдер алынып башталары айтылды.

"Мурда анализдерди Бишкек шаарына ташычубуз. Анда деле анализдер бардык талаптарды сактоо менен сапаттуу жеткирилип турган. Бирок убакыттан уттуруп, тоңдурулган анализдердин жыйынтыгын күтүп калчу элек. Ошого байланыштуу облус жетекчилигинин демилгеси менен кечээ, 22-апрелде Нарынга көчмө лаборатория келди. Аны менен бирге борбордон адистер дагы келишти. Ал эми адистерден тажрыйба алып, үйрөнүү үчүн Ат-Башыдан вирусологдор чакырылып, алар атайын окуудан өтө башташты. Учурда жаңы келген лабораторияга 33 анализди коюшту. Анын жыйынтыгы эртең чыгат. Мындан кийин анализдер Нарын шаарынан чыгып турат", - деди Жаркын Ибраева.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан