Орусияда сутка ичинде 22 миңден ашык адамдан коронавирус аныкталды

Орусиянын 85 аймагынан акыркы бир сутка ичинде 22 миң 778 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. 303 адам каза болсо, 13 миң 864 бейтап айыгып чыкты. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышууда.

Маалыматка ылайык, сутка ичинде коронавирус инфекциясы аныкталган адамдардын ичинен:

Москва шаарында - 6360 (айыккандар 4244);

Санкт-Петербург - 2039 (айыккандар 1070);

Москва облусу - 810 (айыккандар 456);

Нижегород облусу- 403 (айыккандар 125) адам жана калгандары башка аймактардан.

Бул көрсөткүч менен Орусиянын 85 аймагынан жалпы 1 миллион 948 миң 603 адамдан коронавирус аныкталды. Анын ичинен 33 миң 489 адам каза болсо, 1 миллион 453 миң 849 бейтап айыгып чыкты.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан