Биз социалдык тармакта

Дарыядан аккан жашыл суу. Мамэкотехинспекция суунун курамы бузулганын билдирди

"Аламүдүн дарыясында жашыл суу агып жатат" деген маалымат боюнча Мамэкотехинспекциянын жетекчисинин орун басары Расул Артыкбаев жаңы жагдайларга токтолду.

Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында Мамэкотехинспекциянын жетекчисинин орун басары Расул Артыкбаев дарыядан жашыл түстөгү суу агып жатат деген маалымат түшкөндөн кийин Саламаттыкты сактоо министрлиги, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана башка мамлекеттик, муниципалдык органдардын өкүлдөрүнөн текшерүүчүлөр тобу түзүлгөндүгүн айтты. Анын айтымында, Ала-Арча айыл өкмөтүнүн аймагына текшерүү жүргүзгөндө, соода жүргүзүү үчүн орун даярдалып жатканы жана мыйзамсыз элементтерди орнотушканы аныкталган. "Санэпидемстанциянын кызматкерлери жана башка ишкана өкүлдөрү суудан лабораториялык изилдөө жүргүзүү үчүн үлгү алышкан. Болжолдуу түрдө сууда нитрат менен нитриттин курамы басымдуулук кылган", - деп билдирди Артыкбаев.

Ошондой эле ал учурда лабораториялык анализдер кайрадан жүргүзүлүп жатканын кошумчалады.

Эске салсак, 29-февраль күнү социалдык тармактарга "Аламүдүн дарыясынан жашыл түстөгү суу агып жатат" деген аталышта видео тарап, талкууга түшкөн. Бул боюнча Шаардык мэриядан "Фейк маалымат" деген билдирүү тараткан. Ал эми Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалыматты төгүнгө чыгарууга шашпай, дарыя суусунан анализ үчүн үлгү алынганын жана жыйынтыгы жакында чыгарын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
marat_1910
2020-03-05 22:54:09
ох ата ошондо Шаардын мээри фейк деп алдап жашыра кала
+4
marat_1910
2020-03-05 22:54:28
йын деген туура
+1
gitaris93
2020-03-06 00:44:29
Курбан ыраазы болсун чындыка дал келбейт деди элего
+5
Kyrgyz_bloger
2020-03-06 03:33:33
Мэр жалган айтканы учун жооп берсин,анан натрит нитрит дебей так айткылачы эмне тогулгон,ким токкон,тапкыла да,ошону изилдей албай каронавирус менен кантип курошобуз.
+16
bekbol2006
2020-03-06 04:02:49
Таштан ташка урунуп аккан монгу Сууларыбыз ууга айланып баратат...
+8
katerina.li
2020-03-06 10:13:38
Эптеп бир жооп кылыптыр. Суу бузулганы лаборатория лык изилдоосу жок эле корунуп турат ко жапжашыл болуп.
+6
guard
2020-03-06 11:20:16
Мэрликтин деле кереги жок ко бизге ия, алар бир нерселерди салдык, анан курулушка, соода орундарына уруксат бердик деп эле жеп иче беришет экен, а мындайга келгенде уйлорундо жатып алып эле жооп берип коюшат экен «фейк да» деп, бул жакты изилдегенде аларга не, эч ким пара бербейт да...
+5
Mambetali
2020-03-06 11:58:43
Ушу элди алдаган жогорку кызматтагыларды башына башына чаап салсан а...
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан