Коронавирус катталган өлкөлөрдөн келгенин жашырган 13 Кыргыз жараны аныкталып, карантинге алынды. Мындай маалыматты бүгүн, 6-мартта Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз катчысы билдирди.
"13 жаран коронавирус катталган өлкөлөрдөн (тизмеде Кытай, Түштүк Корея, Иран, Италия жана Япония өлкөлөрү бар) келгенин жашырып жүрүшкөн. Алар көзөмөл-өткөрмө жайларынан өтүп жатканда, жалпы жарандык паспортун эмес ID-картасын көрсөтүшкөн. Бүгүнкү күндө алардын ким экени аныкталып, карантинге алынды", - деп билдирет маалымат катчы.