Дарыгер эгер кокустуктан вирус жуктуруп алган болсо, ал бизде дарыланат. Бул тууралуу онлайн маалымат жыйыны учурунда Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди. Айтымында, учурда өлкөдө бул жаатта жетиштүү шарттар түзүлгөн.
"Эгер дарыгерде ошондой учур катталып калса, ал бизде дарыланат", - деп билдирди Акматова.