Бишкек мэри Азиз Суракматов коомчулуктун пикирин эске алуу менен райондук соттор тыюу салган митинг боюнча чыккан чечимге каршы. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын аппаратынын башчысы Балбак Түлөбаев билдирди.
Маалыматка ылайык, Бишкек мэриясы Свердлов райондук акимчилиги сотко берген арызын кайтарып алды.
"Биринчи Май райондук сотунун чечими менен тынч жыйындарга тыюу салган Биринчи май, Свердлов, Октябрь райондорундагы чектөөнү алуу үчүн Бишкек шаардык сотуна кайрылуу даярдалып жатат", - деп жазылат маалыматта.
Буга чейин Биринчи Май районунун акимиаты Бишкекте митингдерди өткөрүүнү 1-июлга чейин тыюу салуу боюнча сотко кайрылган.
Биринчи Май районунун акимиаты буга негиз катары өкмөттүн токтомун келтирген. Ал эми аппарат башчы Балбак Түлөбаев коронавируска байланыштуу бардык райондордо массалык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынганын билдирген.