Орусияда коронавируска каршы массалык вакцинация болжолдуу бир айдан соң башталат. Бул тууралуу Н.Ф. Гамалеи атындагы Улуттук эпидемиологиялык жана микробиология борборунун директору Александр Гинцбург билдиргенин жергиликтүү маалымат булактары жазышууда.
"Массалык вакцинация бир аз кечигиши мүмкүн. Анткени вакцина каттоодон кийинки изилдөөлөрдөн өтөт. Андан соң гана жарандарга жетет. Мындан улам бир ай талап кылынат", - деген ал.
Орусия 11-августта коронавируска каршы вакцинаны дүйнө жүзүндө биринчилерден болуп каттоодон өткөргөн. Ага "Спутник V" деген аталышы берилген. Препарат Н.Ф.Гамалеи атындагы Улуттук эпидемиологиялык жана микробиология изилдөө борборунда иштелип чыккан.