Түркияда март айынан баштап карантиндик чаралар алына баштайт

Түркияда март айынан баштап коронавирус пандемиясынан улам киргизилген карантиндик чаралар акырындык менен алына баштайт. Бул тууралуу аталган өлкөнүн президенти Режеп Тайип Эрдоган айтканын жергиликтүү басылмалары жазышууда.

"Биз провинцияларды Саламаттыкты сактоо министрлиги койгон талаптарга ылайык төрт топко бөлөбүз. Жакынкы күндөрү ресторандар, кафелер жана башка мекемелерди ачуу жол картасын жарыя кылабыз. Дем алыш күндөн баштап биз акырындык менен чектөөлөрдү алабыз. Бул иштер эпидемиологиялык абалга, эмдөө жүргүзүүгө жана башка критерийлерге байланыштуу жүргүзүлөт",- деген Режеп Тайип Эрдоган.

Азыркы учурда Түркияда дем алыш күндөрү жана кечинде коменданттык саат алына элек. Өлкөдө ресторандар, кафелер жана түнкү клубдар жабык бойдон калууда.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан