Кытайдагы ураган мейманкана. Каза болгондордун саны 10го жетип, 20дан ашуун адам дайынсыз болууда

Кытайдын Цюаньчжоу шаарында карантинге алынган жарандарды кармаган мейманкана ураган. Кийинчерээк куткаруучулар 50 адамды алып чыгышканы, алардын экөө каза болгону кабарланган. Алынган маалыматтарга ылайык, учурда кырсыктын кесепетинен 10 адам каза болду.

Чет элдик басылмалардын маалыматына ылайык, кырсыктын кесепетинен 38 адам жаракат алып, ооруканага жаткырылган. Ал эми кырсык катталган учурда болжол менен 9 адам өз алдынча чыгууга үлгүрүшкөн. Дагы 23 адам дайынсыз болууда. Шаардык бийликтин билдирүүсүнө караганда, мейманканада 71 адам болгон.

Кытай басылмалары урап калган мейманкананын ээси кармалып, тергөө иштери башталганын жазышууда. Алдын ала маалыматтар боюнча, мейманкананын биринчи кабатындагы соода маркетинде оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп жаткан. Жумушчулар кырсык болордон бир нече убакыт мурда мейманкананын ээсине чалып, конструкциялардын биринде деформация пайда болгонун айтышкан. Учурда кырсыктын келип чыгышына конкреттүү бир себеп болгонун аныктоо иштери жүргүзүлүүдө деп айтылат маалыматта.

Аталган мейманкана коронавирусту алып жүргөндөр менен байланышта болуп, милдеттүү түрдө карантинге алынган жарандарды кармоо үчүн колдонулуп жаткан. Мейманканада вирустун очогу делинген провинциялардын тургундары болушкан.

"Xinjia Express" мейманканасы 2018-жылы июнь айында эс алуучулар үчүн эшигин ачкан. 6 кабаттуу мейманканада 80 бөлмө болгон.

Кытайда карантинге алынган жарандарды кармаган мейманкана урап, 10 адам каза болду
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан