Адамды коронавирус өлтүрөбү же организм өзүбү? Окумуштуулардын изилдөөсү

Бактерия менен вирустун кандай айырмачылыгы бар?
Вирустук инфекция менен бактериялык инфекция деген эки башка нерсе экенин түшүнбөй, көпчүлүгүбүз бул маселеде чаташабыз. Адамдын баары эле медик болбогон соң, ОРВИ, грипп же суук тийип ооруп калганда антибиотиктер жардам берет деп уучтап колдоно беришет. Ооба, антибиотиктер жөтөл же ангина сыяктуу бактериялык оорулар менен ооруп калганда жардам берери анык. Ал эми ОРВИ вирустук инфекция болгондуктан, антибиотик вирусту өлтүрө албайт.

Бактерия деген эмне?
Бактериялар адамдын организминде жашап же сырттан деле кирүүчү бир клеткалуу организм. Алар өз алдынча клеткаларынын бөлүнүү жолу менен башка организмдерден көз карандысыз эле көбөйүшөт. Бактериялар адамда оору чакырган сыяктуу эле жаныбарларда, өсүмдүктөрдө да оору чакырат. Бактериялардын организмге керек, пайдалуулары да бар.

Вирус деген эмне?
Вирус бул клетканын ичиндеги мите. Вирустар органдардын былжыр челдеринин ичине, мисалы дем алуу жолдорундагы былжыр челине кирип, активдүү көбөйө баштайт. Натыйжада ал оору чакырат. Вирустар орто көлөмдөгү бактерияга салышырмалуу 1000 эсе кичинекей.

Вирус эмне кылат?
Вирус клетканын ичине кирип алгандан кийин кыйратуучу иш-аракеттерин жүргүзө баштайт. Бул арада адамдын иммундук системи вирус менен күрөшүү үчүн антителаларды иштеп чыга баштайт. Бирок антителалар дагы, лейкоциттер дагы вирустукуна салыштырмалуу көлөмү жагынан чоң болгондуктан, адамдын клеткасынын мембранасынан ичкери кире албай калат. Вирус тирүү организмдин ичине киргенден кийин анын клеткаларын вирустук белокторду иштеп чыгууга мажбурлай баштайт. Натыйжада вирустун саны кескин көбөйүп, жаңы пайда болгон вирустар тездик менен башка клеткаларды да "басып ала" баштайт. Вирус дал ушундай жол менен организмдин өзүнө иштешин камсыздап, инфекциянын жайылышын шарттайт. Баса вирус клетканын ичинен сыртка чыгып калса өлүп калмайы бар.
Вирус адамдын клеткаларын жабыркатат же иммундук системдин жооп берүүсүн күтөт. Адамдын организми вирус менен күрөшүү үчүн “оор артиллериясынын” баарын вируска каршы колдоно баштайт. Натыйжада адам алсырап, дене табы көтөрүлүп, ал тургай ткандардын жабыркашына чейин алып келет. ОРВИ козголгондо адам алсырап, дене табы көтөрүлүшүнө эмне себеп экенин түшүндүңүз да?

Эми коронавируска келсек...
Дүйнөнү дүрбөлөңгө салган коронавирус дарты адамдын организми үчүн жаңы нерсе. Жалпак тил менен айтканда бул вирусту организм тааныбайт, анын вакцинасы жок, ага каршы дары дагы ойлоп табыла элек.
Сиз коронавирус адамды өлтүрөт деп ойлойсузбу? Бул суроого илимпоздордун бир катар мисалдары бар. Мисалы коронавирус адамдын организмине кирди дейли. Бизге белгилүү болгондой, ал мурундун былжыр челинде же дем алуучу жолдордо турбастан, өпкөнүн тереңине чейин кирет. Биздин дем алууга жардам берген өпкөдөгү альвиолаларга жеткен вирус өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп, көбөйө баштайт. Натыйжада альвиола суюктукка толуп, адамдын дем алуусу кыйындап, кыйнала баштайт. Кандай ойлойсуз? Өпкөдөгү альвиоланы суюктукка вирус толтурабы же адамдын организми өзүбү? Парадокс ушунда. Адамды коронавирус эмес, аны менен күрөшөм деген организм өзү өлтүрөт. Мисалы, өпкөгө вирус кирди дейли, организм вирус менен күрөшүү үчүн ал жакка бардык коргоочу клеткаларды жөнөтө баштайт. Ошентип вирус кирген жерде сезгенүү пайда болот. Тактап айтканда кан тамырлардан миллиондогон коргоочу клеткалар кандын суюк бөлүгү менен бирге чыгып, вирус отурукташкан жайга жөнөйт. Натыйжада өпкөдөгү альвиолалар суюктукка толуп, адамга кычкылтек жетишпей, дем алуусу начарлап баштайт. Демек өпкөнү коронавирус эмес, ага каршы иштөө үчүн дүрбөлөңгө түшкөн организм өзү суюктукка толтуруп таштайт деген жыйынтыкка келишет окумуштуулар. Бул учурда адамдын дене табы көтөрүлөт, алсырайт, табит начарлайт, дем алуу оорлошот, жыйынтыгында өпкө атайын аппараттын жардам менен дем алдырууга барып такалат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
mirkaa5182
2020-03-30 22:32:43
Кызык экен.
+4
stal.ks
2020-03-30 23:00:59
кызык жерине барганда бутуруп койот, андан ары кантип вирусту женет ошонуда жазгылада
+3
Sakubek
2020-03-31 00:22:55
Россия ойлоп тапкан окшойт вирусту, Америкадан мунай согушунан утулгандан кийин. 3 вакцина иштеп чыга калышты го, эми бут дуйного ошону сатып млрддаган акчаларды табышат
+1
Globalnews
2020-03-31 07:44:53
вакцинаны биринчи Кытайда жасалып чыкты, азыр США, Рсссия, Германия дагы жасап чыкты, бирок баарына клиническое испытание деген срок керек, ал жарым жылдан бир жылга чейин убакыт талап кылат, азыр Кытай мн США бул тарапта марафондо, убагы келгенде коробуз кимдин вакцинасы женип чыгат.
0
Jelezo
2020-03-31 21:29:03
Вакцинаны мурда эле камдап коюшкан эми таптык деп сатып байышат. Оорунун баарын адамдар бизнес кылыш үчүн жараттышат бул бизнес,малдардын оорусун да ошентип ойлоп табышат атайын лабораторияларда.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан