Коронавирустун алдын алуу үчүн республикалык бюджеттин чыгымдары 3 миллиард 300 миллион сомду түздү

Коронавирустун алдын алуу үчүн республикалык бюджеттин чыгымдары 3 миллиард 300 миллион сомду түздү. Бул тууралуу Финансы министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Саламаттыкты сактоо министрлигине 488 миллион 200 миң сом, күч түзүмдөрүнө 566 миллион 800 миң сом, Мамлекеттик материалдык резервдер фонду 715 миллион 700 миң жана башка мамлекеттик органдарга каражат чыгымдалган. "Жогорудагы маалыматтык графика гуманитардык жардамды камтыбайт (дары-дармектер, жеке коргонуу каражаттары, ПЦР-тесттер, экспресс-тесттер, механикалык желдетүү аппараты жана башка медициналык жабдуулар)", - деп жазылат маалыматта.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Mavlyuda
2020-07-23 07:50:59
Мына сага ушул сумманын жарымы кимдердин чөнтөгүнө кирип кеткени жалгыз Аллахка гана маалым. Эл билет жарымын жеп жутарлар жегенин бирок айласы жок айткан менен пайдасы жок
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан