Шаардык сот Биринчи Май райондук сотунун митинг өткөрүүгө тыюу салуу чечимин жокко чыгарды

Бишкек шаардык соту Биринчи Май райондук сотунун 1-июлга чейин митинг өткөрүүгө тыюу салуу чечимин жокко чыгарды.

Мындай чечим бүгүн, 9-мартта чыкты.

Буга чейин Биринчи Май районунун акимиаты Бишкекте митингдерди өткөрүүнү 1-июлга чейин тыюу салуу боюнча сотко кайрылган. Биринчи Май районунун акимиаты буга негиз катары өкмөттүн токтомун келтирген. Ал эми аппарат башчы Балбак Түлөбаев коронавируска байланыштуу бардык райондордо массалык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынганын билдирген.

Ал эми Башкы прокуратура Бишкек шаарында 1-июлга чейин митинг өткөрүүгө тыюу салуу чечимин мыйзамсыз деп эсептей турганын билдирген.

Бишкектеги феминисттердин жүрүшүндө чагымчыл деп 5 адам кармалды
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан